Аймак

ОШТО САЛЫККА КАРЫЗ ЖАРАНДАРДЫН КАТАРЫ ОН МИҢГЕ ЧУКУЛДАДЫ

ОШТО САЛЫККА КАРЫЗ ЖАРАНДАРДЫН КАТАРЫ ОН МИҢГЕ ЧУКУЛДАДЫ

 1,865 Бардыгы /

                   Кыргызстандын Түштүк башкалаасында мамлекеттик салыктан карызы бар жарандардын саны 9000 миңден ашты. Бул жөнүндө Ошшаардык мамлекеттик салык башкармалыгынын салыктарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Исмаилов маалымдады.

                        – Мыйзамда өз убагындасалык төлөбөгөндөргө катуу чаракөрүү жагыкаралган. Мунун алкагында карызы барлардын банктагы эсептери катарынан жабылып жатат. Биз адегенде эскертүүлөрдү үстөккө-босток берипжатабызЭгерде он беш күндүн аралагында төлөмдөн кутулбаса,банктыкэсебин дагы жабуугааргасызбыз!- деп кошумчалады Ош шаардык мамлекеттик салык башкармалыгынын салыктарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Исмаилов.

          Айтмакчы, мыйзамда каралгандай ар бир жаран өзүнүн ишмердүүлүгүнө жараша мүлк, кошумча нарк, сатуудан алынган салыктарды милдеттүү түрдө төлөөгө тийиш. Бирок, ошого карабастан азыр жарандардын жалпы салыктан карызы дээрлик 159 миллион сомду чапчыды.

 

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17