Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КМШнын АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ КМШнын АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,683 Бардыгы /

МОСКВА. Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин (КМШнын) Аткаруу комитетинин төрагасы С. Лебедев менен жолугушту.

Кыргыз Элчиси Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештиги Кыргызстан үчүн мамлекеттер аралык ар тараптуу алакага абдан ыңгайлуу жана заманбап шарт жараткан мыкты аянтча экендигин ачык эле моюндады.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов жана Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы С. Лебедев КМШ алкагында интеграция жараяны улам жакшырып бараткандыгын билдиришип, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын татыктуу белгилөөгө карата биргелешкен иш-пландарын талкуулашты.

     Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17