Аймак

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ ГЕРМАНИЯГА ИШ САПАР МЕНЕН ЖӨНӨП КЕТТИ

ПРЕЗИДЕНТ ЖЭЭНБЕКОВ ГЕРМАНИЯГА ИШ САПАР МЕНЕН ЖӨНӨП КЕТТИ

 1,142 Бардыгы /

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарына караганда, мамлекет башчы 15-апрелде Мюнхен шаарында Бавариянын канцлери жана мамлекеттик министри менен жолугат.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Бавариянын премьер-министри Хуберт Айвангер менен да жолугуп, Зайдел атындагы фонддо сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү кыргыз-немис бизнес форумуна катышып, «Pellmeyer» деп аталган агрардык ишкананын иши менен таанышат. Ал күнү президент Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен да жолугушат.

16-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушат. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель биргелешкен маалымат жыйын курушат.

Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде дипломаттык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, туризм, каржы тармактарында жана соода-экономикалык кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

2017-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода алмашуу 79 миллион долларды түзгөн.

2017-жылы күзүндө кыргыз-немис өкмөттөрү чогуу Ош шаарына заманбап төрөт үйүн – перинаталдык борбор куруу боюнча долбоор баштаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17