Аймак

ТҮРКСТАН-САМАРКАНД АВТОБУС КАТТАМЫ АЧЫЛДЫ

ТҮРКСТАН-САМАРКАНД АВТОБУС КАТТАМЫ АЧЫЛДЫ

 1,263 Бардыгы /

14-апрелде эл аралык Түркстан-Самарканд автобус каттамынын алгачкы жүргүнчүлөрү Самаркандга келишти.

Түркстан акимчилиги кабарлагандай, каттам күн сайын 18:00дө башталат. Автобус жолдо Казакстандын Шымкент, Өзбекстандын Гүлистан жана Жизак шаарларында токтойт. Жол кире төрт миң теңге (10 доллар). Эки өлкө бийлиги Түркстан менен Самарканд ортосунда автобус каттамынын ачылышы туристтердин санын көбөйтөт деген пикирде.

2018-жылы 10-декабрда Түркстан-Ташкент автобус каттамы ачылган. Буга чейин аткаминерлер чек арада алар үчүн тоскоолдуктар жаралбай турганын айтышкан. Эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүү боюнча алгачкы аймак аралык форум былтыр 15-ноябрда Шымкент шаарында өткөн.

Жекшемби, 14-апрелде Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17