Аймак

ПУТИН МЕНЕН КИМ ЧЕН ЫН АПРЕЛДИН АЯГЫНДА ЖОЛУГУШУУСУ МҮМКҮН

ПУТИН МЕНЕН КИМ ЧЕН ЫН АПРЕЛДИН АЯГЫНДА ЖОЛУГУШУУСУ МҮМКҮН

 1,236 Бардыгы /

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу кийинки аптада болушу мүмкүн. Бул тууралуу түндүк кореялык “Рёнхап” агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, Путин менен Ким Чен Ын Владивосток шаарында жолугушат.

Кездешүү маалында Түндүк Корея лидери Вашингтонго басым көрсөтүү үчүн Орусия президентинин колдоосуна ээ болууга аракет жасай турганы болжолдонууда. Буга чейин Ким Чен Ын АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча позициясын өзгөртсө, Дональд Трамп менен үчүнчү жолу жолугушууга макул экенин билдирген.

Күн мурун Ким Чен Ын Трампты “америкалык стилде” сүйлөшүүлөрдөн баш тартууга үндөгөн. Ал Кошмо Штаттар бир тараптуу талап коюп келет деген пикирде.

Эки өлкө лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Түндүк Корея эгер АКШ коопсуздукка кепилдик берсе, өзөктүк куралдан арылууга милдеттеме алган. Бирок дүйнөлүк басылмалар Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын кабарлашкан.

Экинчи саммит февралда Ханойдо өткөн. Анда АКШ Пхеньянга каршы санкцияларын алып таштоого, Түндүк Корея өзөктүк программаларын толук токтотууга даяр эмес экенин билдиришкен. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусу ийгиликсиз аяктап, бирдиктүү декларацияга кол коюлган эмес.

Бирок Трамп Түндүк Кореянын лидери менен жеке мамилеси жакшы экенин, эртеби-кечпи бир пикирге келишерин айтып келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17