Аймак

РОГУН ГЭСИНДЕГИ РЕМОНТТОН КИЙИН СУУ САКТАГЫЧ ТОЛО БАШТАДЫ

РОГУН ГЭСИНДЕГИ РЕМОНТТОН КИЙИН СУУ САКТАГЫЧ ТОЛО БАШТАДЫ

 1,509 Бардыгы /

Рогун ГЭСинин дирекциясы суу сактагыч толо баштаганын тастыктады. Бир жума мурун плотинада профилактикалык ремонт иштерин жасоо үчүн андагы суу толугу менен агызылган.

Маалыматтарга караганда, оңдоп-түзөө жумуштары аягына чыкты, суу сактагычта суу 60 метрге жеткенде ГЭСтин биринчи агрегаты кайрадан иштей баштайт.

Бул арада айрым булактар полтинадан суу агып баштагандыктан, суу толугу менен коё берилгенин билдиришүүдө. Бирок адистер бул маалыматты четке кагышты. “Плотинанын тургузууда суу сактагычтан суу бираз сызылып чыгат. Бул табигый процесс жана тынчсызданууга негиз жок”, – деди өз булак.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары болсо, өлкөнүн түштүгүндөгү электр жарыгынын өчүрүлүшүн Рогун ГЭСиндеги “чукул кырдаалга” байланыштырышты.

Рогун ГЭСинин №6 гидроагрегаты былтыр 16-нобярда бүткөн. Гидроагрегат убактылуу иштей турганы айтылган. Ал 390 МВт кубаттуулукка ээ, бара-бара аны 600 МВт кубаттуулуктагы механизм алмаштырат.

Өткөн аптада Тажикстан Дүйнөлүк банктан Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга жардам сураган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17