Аймак

«САМБО» БОЮНЧА АЧЫК ЧЕМПИОНАТ ѲТКѲРҮЛДҮ

«САМБО» БОЮНЧА АЧЫК ЧЕМПИОНАТ ѲТКѲРҮЛДҮ

 1,776 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 13-апрелде 2010-жылы апрель-июнь окуяларында курман болгон милиция кызматкерлердин жана маркум милициянын полковниги Ниязалиев Байгазы Мамытовичтин элесине арналган спорттун «Самбо» түрү боюнча Жалал-Абад ОИИБдин биринчилиги болуп ѳттү. Бул тууралуу ОИИБдин басма-сѳз кызматынан билдиришти.

Чемпионатты Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги ачып берип, андан соң курман болгон кызматкерлерди эскерүү үчүн куран окулду.

Иш-чаранын негизги максаты милиция кызматкерлердин күнүмдүк жумушунда жана ыкчам-ишмердүүлүгүндѳ эң керектүү болгон спорттун «Самбо» түрүн кеңири жайылтуу. Анны менен бирге күжүрмѳн даярдыктарын жогорулатуу болуп эсептелет. Ошол себептен самбо боюнча мелдеш ачык түрдѳ ѳткѳрүлүп, Жалал-Абад областынын аймагындагы самбо менен машыккан спортчулар да катышып, 7 салмактык категорияда (62,68,74,82,90,100,+100) ѳз чеберчликтерин кѳрсѳтүшүп, тең тайлаша күч сынаша алышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлѳр 15-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин ѳздүк курамы астында салтанаттуу түрдѳ диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17