Аймак

БАТКЕН ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ «АЙГҮЛ ТАШ» БОТАНИКАЛЫК КОРУГУН ТЕКШЕРДИ

БАТКЕН ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ «АЙГҮЛ ТАШ»  БОТАНИКАЛЫК КОРУГУН ТЕКШЕРДИ

 2,539 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарымукуктуу өкүлү Акрам Мадумаров эс алуучулар үчүн Айгүл Тоонун айланасындагы  шарт талапка жооп бербейт деп баса белгиледи.

Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен районунун акимине, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына,Экология жана Токой чарба кызматтарынын жетекчилерине, эс алуучулар үчүн зарылшарттардыжаратуу, Айгүл Тоонун айланасын көрктөндүрүү, сейрек кездешчү Айгүл гүлүн сактап калуу менен, аны дүйнө жүзүнө даңазалап, туристтерди тартуу үчүн жаңыдан долбоор даярдоо тапшырмасын берди.  Мунун ичинде Айгүл-Таш айылына келген жолду асфальттоо, унаа коюуучу жайды аныктап, шарт түзүү, атайын тамактануучу жайларды уюштуруу, алардын санитардык жактан тазалыгын сактоо,эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринин дагы үстүндө туруктуу иш алып баруу керектигин айтты.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров эмдиги жылда Айгүл гүлү гүлдөгөнгө дейре жогорудагы маселелердин  үстүндө бүгүнтөн тартып жандуу иш алып баруу зарылчылыгын белгилеп, көрктөндүрүү үчүн суу тартып келүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө, аныктоо жумуштарын аткарууну тапшырды. Ошондой эле айылдын кире беришинде жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жасалып жаткан жумуштар менен дагы таанышты. Алар айылдын дарбазасынын жанына “Айгүл гүлү” уламышындагы каармандар Айгүл кыз менен Козула баатырдын айкелин жасоодо. Ыйгарым укуктуу өкүл жаштар менен баарлашып,алардын демилгесин жана аракетин жергиликтүү бийлик кубаттай тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетчү жагдай: Айгүл гүлү дүйнөдө өтө сейрек кездешкен гүл катары Кызыл Китепке дагы киргизилген.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17