Аймак

Күмүшай ОРОЗКУЛОВА: “АТАЙЫН БАГЫТТАГЫ ПОЛКТО ЖАЛГЫЗ КЫЗМЫН”

Күмүшай ОРОЗКУЛОВА: “АТАЙЫН БАГЫТТАГЫ ПОЛКТО ЖАЛГЫЗ КЫЗМЫН”

 4,376 Бардыгы /

 

БЛИЦ ИНФО:

  1. Аты-жөнү: Орозкулова Күмүшай Абдулхашимовна
  2. Туулган күнү, айы, жылы: 14.04.1995
  3. Туулган жери: Сузак району, Бек-Абад айылы
  4. Үй-бүлөлүк абалы: бойдок
  5. Жакшы көргөн тамагы: шорпо (жасаганга оңой дейт)
  6. Жашоодогу урааны: “Тынымсыз алга!”

Учурда КР ИИМдин Жалал-Абаддагы “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкери (спецназ), спорттун SKIF каратэ-до түрү боюнча машыктыруучусу.   

 

СПОРТКО ТАРТКАН АТАМ 

Балалык чагым Бек-Абад айылында өткөн. Мектеп жашына чейин ата-энемдин колунда тарбияландым. Атам Орозкулов Абдулхашим жеке ишкер, апам Орозкулова Калыс үй кожейкеси. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Эки эжем, бир акем анан бир сиңдим бар. 2002-жылы ошол эле Бек-Абад айылындагы №4 гимназия класстары бар орто мектебине кабыл алынып, ошол эле мектептен окууну аяктадым. 2006-жылдан тартып, спорттун каратэ-до түрү менен машыга баштадым. Спортко аралаша башташыма атам түрткү болгон. Атам өзү спортко аябай жакын адам башкача айтканда спорттон кабары бар спортсмен киши. Мага да өзү колдоо көрсөтүп, бул тармакта кетишиме түрткү болгон. Атамдын колдоосу, мага ишеничи менен ушул күнгө чейин спорт менен машыгым келе жатам.  Бир туугандарымдын арасында бир агамдан башка баарыбыз спортко жакын адамдарбыз. Эки эжем волейбол оюнун мыкты ойношчу. Акем тилекке каршы спортко эч аралашкан жок. Сиңдим 10 жашта, ал да каратэ-до менен машыгып келет. Жаш болгонуна карабай Эл аралык мелдештин, Кыргызстандын чемпиону. 

КЕЛЕЧЕКТЕ СОТ ТАРМАГЫНДА ИШТЕШИМ МҮМКҮН

Мен тээ кичинемден эле орган кызматкери болсом, форма кийип иштесем деп тилечүмүн. Кыздарды формачан көргөндө мен да ушундай болсом деп аябай суктанчумун. 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юриспруденция адистигине тапшырып, 2017-жылы аяктадым. Келечекте юрист болуп иштебесем дагы сот тармагында же тергөөчү болуп иштеп калышым мүмкүн. Азыркы жумушум деле эң жакшы, өзүмө жагат. Айтат эмеспи, өзүң сүйгөн кесипте иштесең ошол ишиңден ырахат аласың деп.

…СПОРТТУК КАРЬЕРАМ БАШТАЛГАН

2006-жылы спорттун каратэ-до түрү менен машыгып баштагам деп айтып өттүм. Ушул 2006-жылы декабрда менин биринчи ийгилигим болгон десем болот. Каратэде тотами деген түшүнүк бар бул  кадимки эле ринг түшүнүгү. Мына ошондо областтык чемпионат өтүп, 1-орунду алгам. Ошондон баштап, менин спорттук карьерам башталган. Ал жеңишим мага чоң стимул берген. 2007-жылы КРдин Биринчилиги өткөн, ага да катышып, 1-орунду алгам. 2008-жылы Кыргызстандын чемпионатында дагы 1-орунду алдым. Ошол эле 2008-жылы Өзбекстанда өткөн Эл аралык чемпионатта 2-орундуу болгом. 2009-жылы Шымкентте болгон чемпионатка катышып, анда да 2-орунду алгам. 2011-жылы Казакстандын Кентау шаарында өткөн чемпионатта 3-орунду алып калдым. Ошол эле жылы КРдин Биринчилигинде 1-орунду алдым.

КОНТРАГЫМДЫН 50%ын ТӨЛӨӨЧҮ ЭМЕСМИН

2013-жыл  мен университетке келип, студент болдум. Анда мен жаштар арасындагы каратэ-до боюнча университеттин атынан чыгып жүрдүм. Окуу жайдан мага бир топ колдоолор болгон. Бизде бюджет жок болгондуктан контрагымдын 50%ын төлөөчү эмесмин.

Негизи республикалык чемпионат ар жылы болуп келет. Ошол чемпионатта катарынан 1-орундарды алып келдим.

2017-жылы Казакстандын Шымкент шаарында борбордук азиядагы мамлекеттер арасында чемпионат өтүп, анда да 1-орунду алгам. Ошол эле жылы кесиптик дипломдун ээси болдум. Жалпысынан 47 медаль, 67 дипломдун ээси болдум.  2017-жыл мен үчүн ийгиликтер коштогон өзгөчө жылдардан болгон. Анткени ушул жылдын башында республиканын, май айында Борбор Азиянын чемпиону болдум. Былтыртан бери Ички иштер органдарынын Жалал-Абаддагы “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкеримин.

МЕНИН УСТАТТАРЫМ…

Мен 2006-жылдан тартып мектепте алгачкы устатым  Алишер Сыдыков деген агайдын колунда машыгып баштагам. Тилекке каршы мектепте каратэ-до ийрими жабылып калып, Жалал-Абад шаарына которулдум. Айылдан барып келип машыгып жүрдүм. 2008-жылдан баштап, бул жакта спорттун чебери Жакшыбаев Төлөн агайдын колунда ушул күнгө чейин тарбияланып, машыгып келем. Бизде “шеф-инструктор” деген бар Ан Иннокентий Николаевич, ал Бишкек шаарында КРдин SKIF (каратэ) боюнча башкы машыктыруучусу, кара кур, 6-дандын ээси, эл аралык квалификациядагы калыс инсан. Өзү 60 жаштан ашып калса деле, аябай кыйын спорттун мыкты чебердигин сөз менен айтып түшүндүрө албайм. Бишкекте жүргөндө ушул инсандын колунда да машыгып жүрдүм.

ӨЗҮМ ДА МАШЫКТЫРУУЧУМУН

Жогорудагы аты аталган устаттарымдын сабактарын өздөштүрүп, өзүм дагы окуучуларды машыктырып келем. Мен өзүм ИИМдин атайын “Шумкар” багыттагы полкунун спецназкасы болгонума байланыштуу мен тарбиялаган балдардын тобун да “Шумкар” ПСН деп атап койдум. Ал жерде 6 жаштан тартып, 16 жашка чейин жаш өспүрүмдөрдү тарбиялап келем. Алардын ичинен атын атап айтып кетсем Сыдыков Айдай деген 7 жаштагы кыз бар. Анын келгенине бир жыл боло элек, бирок республикалык деңгээлдеги турнирде өзүн сынап, 3-орунду алып келди.  Мындан башка да мыкты окуучуларым көп. Буйруса окуучуларымдан алдыда үмүтүм чоң.

ЭРТЕ МЕНЕН ТУРСАМ СААТ 9:00…

Жашоодо кызыктуу окуялар көп кезигет. Негизи эле жашоонун өзү эле кызык эмеспи. Мисалы мен ошол бир нерсени кайра-кайра укканда күлкүм келет да. Мен аябай уйкучумун. 2013-жылы эрте менен саат 6:00дө чогулуп, чемпионатка бармакпыз. Мен апама эрте менен ойготуп койгула деп айткам. Апам эрте менен мени ойготуп, өзү жумуштары менен башка жакка кеткен экен.  Эрте менен турсам саат 9:00 болуп калыптыр. Агайга чалып, “агай мен баратам” десем “ооба, сен уктай бер” деп урушкан. Ошентип уктап калып, республикалык чемпионаттан калып калгам.

ЖУМУШТА ЖАЛГЫЗ КЫЗМЫН

Жалал-Абад областындагы спецназдардан 120 бала, жалгыз мен кызмын. Бул жерде июнь айынан баштап иштеп жатам. Жаңы жумушка киргенде башында көнө албай жүрдүм. Анткени жалаң балдар болсо, алар бири-бирине катуу сүйлөп койсо эле мага катуу тийип кетчү. Кабинетке келип, капа болуп ыйлагым келип жүргөн учурлар болгон. Бара-бара баары мени сыйлашып “карындашым” улуулар “кызым” деп азыркы күнгө чейин сыйлап келишет. Балдар менин жанымда бири-бирине катуу айтып сөгүнүшпөйт. Баары “биздин бир кызыбыз”, “биздин көкүрөк күчүгүбүз” деп абдан сыйлашат. “Эртең сен турмушка чыкканда биз баарыбыз барып тизилип турабыз” деп айтып келишет. Командирибиз аябай жакшы болгондуктанбы, ал жетектеген жамааттын жаман жагын байкай элекмин.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17