Аймак

КАЗАКСТАНДА 15 МИҢДЕН АШЫК МУГАЛИМ ТИЙИШТҮҮ ҮСТӨК АКЫ АЛГАН ЭМЕС

КАЗАКСТАНДА 15 МИҢДЕН АШЫК МУГАЛИМ ТИЙИШТҮҮ ҮСТӨК АКЫ АЛГАН ЭМЕС

 1,349 Бардыгы /

Казакстанда эки жыл ичинде окуучуларга кошумча сабак берген 15 миңден ашык мугалим үстөк акы алган эмес. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, мугалимдерге төлөнбөй келген кошумча каражаттын жалпы суммасы 176,2 миллион теңге (464 миң доллар).

«Прокуратура органдары тарабынан Казакстан боюнча 15 305 педагогго 2016-2018-жылдар аралыгында өзгөчө билим берүүгө муктаждыгы бар балдар менен жумуш иштегени үчүн үстөк акы төлөнбөй келгени аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Прокуратура инклюзивдик билим берүү алкагында жумуш иштеген педагогдорго маянадан тышкары айлыгынын 40 пайызы үстөк акы иретинде төлөнүүгө тийиш экенин белгилейт.

Маалыматта мыйзам бузуулар жоюлуп, мугалимдерге 176,2 млн теңге үстөк акы төлөнүп берилгени айтылат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17