Аймак

ОШТО ЭМИ ПЕРИНАТАЛДЫК ООРУКАНА КУРУЛАТ

ОШТО ЭМИ ПЕРИНАТАЛДЫК ООРУКАНА КУРУЛАТ

 3,233 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасына перинаталдык оорукана курулут. Буга акча каражатын Германия бере тургандыгы чечилди. Бул туурасында  өлкөбүздүн каржыминистриБактыгүлЖээнбаева кабарлады.

– Германия менен жалпы суммасы 21 миллион еврону түзгөн үчмакулдашуугаколкоюлду. Ага ылайык 13 миллион еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, а 6 миллион еврого Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 миллион евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына ажыратылды, – деп кошумчалады Кыргызстандын  каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.

Бактыгүл Жээнбаева кошумчалагандай, Германия мынча каражаты грант иретинде каралашты. Бул макулдашуу өлкө башчысынын Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапарынын алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, каржы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу жолугушуусунун алкагында гана жетишилди.

 

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17