Аймак

ӨЗГӨН ШААРЫНДА КЫРГЫЗДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫНЫН ПАРТАСЫ АЧЫЛДЫ

ӨЗГӨН ШААРЫНДА КЫРГЫЗДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫНЫН ПАРТАСЫ АЧЫЛДЫ

 1,913 Бардыгы /

ОШ. Өзгөн шаарында өзү окуган мектепте Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын Баатыры, Кыргыздын туңгуч космонавты Салижан Шариповдун Партасы ачылды.

Иш-чара Бүткүл орусиялык «Баатырдын Партасы» долбооруна ылайык жүзөгө ашырылды. Буга ылайык Орусиянын Загреб шаарында Биринчи космонавт Юрий Гагариндин, Кыргызстандын Өзгөн шаарында Салижан Шариповдун, Казакстандын Актөбө шаарында Орусиянын Баатыры Ю. Лончаковдун, Казакстандын Байкоңур шаарында О.Артемьевдин жана Казакстандын Талды-Курган шаарында учкуч-космонавт А.Аимбетовдун атындагы Парталар пайцдаланууга тапшырылды.

Өзгөн шаарындагы №1-Салижан Шарипов  атындагы мектепке эки жүздөн ашык адам чогулуп, аларга аталган агартуу журтунун окуучулары майрамдык концерт тартуулашты. Ошондой эле патриоттук ырларды окушту. Ыр ырдашып, бий бийлешти. Андан соң туңгуч космонавт Юрий Гагаринге арналган атайын сабакка Салижан Шарипов өзү, анын тууган-уруктары, Өзгөн шаар мэриясынын жетекчилиги, агартуучулар жана Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин катышышты.

– Кыргызстан жана Орусия – стратегиялык өнөктөштөр гана эмес, бир тууган элдердин дагы Мекени. Андыктан, космосту мындан ары дагы өздөштүрүү – биздин жалпы ишибиз. Мындай шартта Салижан Шарипов өңдөнгөн баатырларды биргелишип гана даярдоого милдеткербиз! – деди Орус Кызматташуу Агенттигинин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Василий Алексеев.

 Бир кезде Кыргызыдын туңгуч космонавты өзү окуган, а азыр анын ысымын татыктуу алып жүргөн мектептеги атайын Партада Салижан Шариповдун сүрөтү, өмүр баяны жана анын жашоодогу жетишкендиктери кеңири жайгаштырылган. Мындан тышкары атайын Порталга окуучу баш багып, космонавттар туурасында ар кыл маалыматтарды тапса болот.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17