Аймак

ОШТО МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ

ОШТО МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТ КЫЛАТ

 2,110 Бардыгы /

ОШ. «Ош — Түрк Дүйнөсүнүн маданий борбору» Эл аралык салтанатын утурлай Ош шаарынын милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө ыктады.

Адегенде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Муратбек Боронов кызматкерлердин даярдыгын дыкаат текшерди. Ал милиция кызматкерлеринен жарандарга сылык мамиле жасап, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүнү, өздөрүнүн дагы тышкы кебете-кепширин жана тартибин Уставга жараша алып жүрүнү талап кылды. Мындан тышкары шаардык милиция кызматкерлерин таандык буюм-тейимлер, алардын дагы сырткы келбети текшерилди. Талапка ылайык Эл аралык иш-чара өтүүчү күндөрү милиция кызматкерлери аты-жөнү даана жазылган бейжиктерди туруктуу тагынып жүрүүгө тийиш!

– Ош шаардык милициясы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында 19-апрелден тартып күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришет. Андыктан, шаардагы бардык маданийиш-чаралар өтүчү жана коомдук жайлар туруктуу көзөмөлгө алынат. Мындан тышкары Ош шаарынын тургундары жана конокторуна салтанат күндөрү иш-чаралар өтүүчү аймактарга жакын жайгашкан айрым көчөлөр дагы убактылуу жабыларын  катуу эскертебиз! – деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Муратбек Боронов.

20-апрель күнү Ош шаарында «Ош – Түрк Дүйнөсүнүн  маданий борбору» Эл аралык Форумунун расмий ачылышы болот. Бул Эл аралык иш-чарага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн расмий коноктор жана өнөрпоздор келиши күтүлөт. Салтанат дээрлик үч күнгө созулат.

Баса, Ош шаары 2019-жылда  «Түрк Дүйнөсүнүн маданий борбору»деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТүркСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17