Аймак

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЖАҢЫ КУРАЛЫН СЫНАГАНЫН МААЛЫМДАДЫ

ТҮНДҮК КОРЕЯ ЖАҢЫ КУРАЛЫН СЫНАГАНЫН МААЛЫМДАДЫ

 1,352 Бардыгы /

Түндүк кореялык басылмалар Пхеньян “тактикалык башкаруудагы кубаттуу куралын” сынаганын маалымдады. Сыноо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында өттү.

Билдирүүдө курал тууралуу кеңен маалымат жок, бирок батыш аналитиктери кеп деңизде, абада жана кургак жерде жайгаштырылган тактикалык курал тууралуу болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Пентагондун кабарлашынча, байкоо системасы Түндүк Корея тарабынан ракета кое берилгенин каттаган эмес.

Адистер бул сыноо менен Пхеньян Вашингтонго позицияны жумшартуу зарылдыгы тууралуу белги берген болушу мүмкүн деп эсептешет. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен экинчи сапар Ханой шаарында жолугушканда, биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан. Буга Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылууга ниети жок экени себеп болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17