Аймак

АТАМБАЕВ ПАРТИЯ ЧЫРЫ БОЮНЧА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА КАЙРЫЛДЫ

АТАМБАЕВ ПАРТИЯ ЧЫРЫ БОЮНЧА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА КАЙРЫЛДЫ

 810 Бардыгы /

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде партиянын лидери жана анын жайгашкан дареги өзгөртүлгөнүнө байланыштуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

«Медиа Форум» ишканасында уюштурулган басма сөз жыйынында партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков муну менен Юстиция мнистрлиги алардын укуктарын бузганын билдирди.

«Конституцияда каралган партиянын укуктары жана 4, 35, 52 беренелерде каралган партия мүчөлөрүнүн конституциялык укуктары бузулду. Биздин биригүүгө болгон укугубуз, шайлоого же шайланууга болгон укугубуз бузулду. Биздин партиянын документтерин рейдерлик жол менен алып, кайра каттоодон өткөрө берсе 25 жылдык тарыхы бар партиянын 50 миңге жакын мүчөсү каяка барат?», – деди Касымбеков.

КСДП Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде партиянын маалыматтарын өзгөртүшүн мыйзамсыз деп баалап, муну Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, иликтөөнү талап кылды.

Юстиция министрлиги «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, партиянын жайгашкан жерин (юридикалык дареги) Эркиндик 45 деп өзгөрттү. Буга Абдрахмановдун каты негиз болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17