Аймак

“КАСТЫКТЫ КОЗУТТУ” ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ОКУТУУЧУНУН СОТУ УЛАНАТ

“КАСТЫКТЫ КОЗУТТУ” ДЕП ШЕКТЕЛГЕН ОКУТУУЧУНУН СОТУ УЛАНАТ

 1,204 Бардыгы /

Бүгүн 19-апрелде Бишкекте “улут аралык кастыкты козутту” деп шектелип жаткан тургундун соту уланат. Ишти Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча буга чейинки соттук отурумда адвокаттар сунуш кылган эки филолог адис көрсөтмө берип, ал айыпталып жаткан «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай турганын айтышкан.

Сотко байкоо жүргүзүп жаткан жарандык активист Бурул Макенбаеванын айтымында, бүгүн да эксперттерди угуу уланат:

– Дагы бир эксперт сүйлөйт бүгүн. Зайнидин Курманов. Буга чейинки сүйлөгөндөр ал жерде улут, дин же расалык кастык жок дешкен.

2018-жылы 1-мартта УКМК окутуучу Темир Болотбекке «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17