Аймак

ТҮРКМӨНСТАН СӨЗ ЭРКИНДИГИ РЕЙТИНГИНДЕ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ОРДУН ЭЭЛЕДИ

ТҮРКМӨНСТАН СӨЗ ЭРКИНДИГИ РЕЙТИНГИНДЕ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ОРДУН ЭЭЛЕДИ

 1,692 Бардыгы /

Түркмөнстан “Чек арасыз кабарчылар” жарыялаган басма сөз эркиндиги рейтингинде акыркы – 180-орунга жайгаштырылды.

ФерганаNews агенттиги белгилегендей, былтыркы рейтингде Түркмөнстан 178-орунда турган. Андан кийин Эритрея, акыркы орунда Түндүк Корея болгон. Бирок бул жылы Түндүк Корея 179-сапка көтөрүлдү.

Түркмөнстанда мыйзамдуу түрдө иштеген бардык ММКлар мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Алар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ишмердүүлүгүн чагылдырып, расмий иш-чара, баяндамаларды берүү менен чектелишет. Редакциясы чет өлкөдө жайгашкан көз карандысыз ММКлардын сайттарына бөгөт коюлган, алардын кабарчылары жашыруун иштешет.

Борбор Азияда басма сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарына Тажикстан (161), Өзбекстан (160) кирет. Казакстан 158-орунда.

Кыргызстан ММКлардын көз карандысыздыгы боюнча чөлкөмдөгү эркин өлкөлөрдүн катарында. Бир жыл ичинде өлкө 98-орундан 83-орунга көтөрүлгөн. Бул Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч. Орусия бир жыл ичинде 148-орундан 149-орунга төмөн түшүп кеткен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17