Аймак

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ ФРАНЦУЗ КЕСИПТЕШИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ ФРАНЦУЗ КЕСИПТЕШИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,468 Бардыгы /

 

БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен анын Кыргыз Республикасына жумушчу сапарынын алкагында жолугушту.

Жолугушуу маалында тараптар эки тараптуу күн тартибинин абдан актуалдуу маселелерин, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Францияга иш-сапарын уюштуруу, парламенттер аралык кызматташтыкты, Кыргызстан менен Франциянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий диалогду, ошондой эле соода-экономикалык өзарааракеттенүүнү мындан ары жандандыруумаселелерин кошо талкуулашты.

Франция ТИМнин Мамлекеттик катчысы Жан Батист Лемуан Кыргызстандын мындан аркы демократиялык өнүгүүсүг кубаттай тургандыгын ачык эле билдирди. Өзкезегинде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз АйдарбековЖ-Б. Лемуандын Кыргызстанга иш-сапарынын жана Кыргыз-Франция кызматташтыгын жандандыруунун маанилүүлүгүн дагы баса белгиледи.

Тараптар мындан аркы ведомстволор аралык, атап айтканда, билим берүү, Кыргызстандын экономикасына Француз инвестицияларын байма-бай тартуу чөйрөлөрүндөгү  кызматташтыкты бекемдөө ниетин дагы билдирип, Аймактык жанаЭл аралык күн тартибинин маселелери боюнча дагы кеңири пикир  алмашышты. Жолугушуунун соңунда Чыңгыз Айдарбеков менен Ж-Б. Лемуан Басма сөз үчүн атайын билдирүү дагы жасашты. 

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17