Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,844 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылы Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбору аталган Ош шаарынын Борбордук Аянтында Сүрөт Галереясы уюштурулду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийим-кечелери кең-кесири жана таамай чагылдырылды. Айтылуу чебер Канымбү АСАНАКУНОВА Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан Президенттери Сооронбай Жээнбековдун, Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиеевдин сүрөттөрүн килемге чоң мээнет менен түшүргөн. – Өзү портрет […]
1,845 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылы Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбору аталган Ош шаарынын Борбордук Аянтында Сүрөт Галереясы уюштурулду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийим-кечелери кең-кесири жана таамай чагылдырылды. Айтылуу чебер Канымбү АСАНАКУНОВА Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан Президенттери Сооронбай Жээнбековдун, Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиеевдин сүрөттөрүн килемге чоң мээнет менен түшүргөн. – Өзү портрет […]
ОШ ШААРЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН МАДАНИЙ БОРБОРУНА АЙЛАНДЫ
22.04.2019 / Автор aymak1,846 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылы Түрк Дүйнөсүнүн Маданий Борбору аталган Ош шаарынын Борбордук Аянтында Сүрөт Галереясы уюштурулду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийим-кечелери кең-кесири жана таамай чагылдырылды.
Айтылуу чебер Канымбү АСАНАКУНОВА Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан Президенттери Сооронбай Жээнбековдун, Владимир Путиндин, Шавкат Мирзиеевдин сүрөттөрүн килемге чоң мээнет менен түшүргөн.
– Өзү портрет жаратуу оңой жумуш эмес! Ал эми элести даана кылым килемге түшүрүү өтө эле мүшкүл жумуш! Ар бир чарчы метр килемге сүрөт тартуу жок дегенде эки-үч ай убакытты талап кылат. Негизинен колго согулган килемдер абдан жакшы бааланат. Ушул тапта мобул килем көлөмү жагынан наркы эки миң сомдон он миң сомго дейре бааланып жатат, – деди чебер Канымбү АСАНАКУНОВА.
Ал эми ноокаттык уз Жамийла ТАШТЕМИРОВА дагы үйүнө бул ирет дагы кур кол кайткан жок.
– Бүткүл Дүйнөлүк мусулман жаштары Ассамблеясынын Президенти Саид Баюминин сүрөтүн килемге чегип түшүрүп, моминтип ажылыкка жолдомо утуп алдым. Буюрса, быйыл көптөн бери көксөп жүргөн Меккеге барып, мусулманчылык парызымды сөзсүз түрдө аткарам. Ушул күндү буюрган Кудайга абдан чоң ыракмат! – деп кубанычын жашырган жок ноокаттык уз Жамийла ТАШТЕМИРОВА.
– «Ош шаары – Түрк Дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасынын негизги эле максаты – Түрк тилдүү элдердин достугун мындан ары биротоло чыңдоо, ошондой эле алардын биримдигин дагы ого бетер күчөтүү! – деди ТүркСОЙ Эл аралык Уюмунун Башкы Катчысы Дюсен КАСЕНОВ. – Биз ушуну менен гана чектелбейбиз. Мындай мыкты саамалыктарды Түрк Дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүндө дагы ыраттуу түрдө сөзсүз улантмакчыбыз.
Баса, жогорудагы иш-чаранын урматына Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын артисттери «Коркут Ата» тарыхый спектаклин көрөрмандарга тартуулашты. Мындан тышкары Токтогул атындагы сейил бактан тээ «ОшНуру» мейманканасына дейре Түрк Дүйнөсүнүн этно-маданий көргөзмө-жармаңкеси дагы уюштурулду.
Ошентип, мындай олуттуу иш-чара үчүн Кыргызстандын Түштүк Башкалаасынын дагы иргелип алынышынын өзүнчө жүйөөсү бар. Анткени, быйыл «Ош шаары Түрк Дүйнөсүнүн Маданий борбору» деп расмий жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда ТүркСОЙ өлкөлөрүнүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg БЛОГЕР БАТМАКАН ЖОЛБОЛДУЕВА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
12.03.2024 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНАН ӨТКӨН КӨПҮРӨНҮН КУРУЛУШУ АЯКТАП, КОЛДОНУУГА БЕРИЛДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.