Аймак

ДАРЫ САТЫП АЛУУДА КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН? КАРДАРДЫН УКУГУ

ДАРЫ САТЫП АЛУУДА КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН? КАРДАРДЫН УКУГУ

 1,577 Бардыгы /

Гезиттин өткөн санында дарылардын кымбаттыгына көзөмөл жоктугу, ар кайсы дарыканалар өз бааларын коюп сатып жаткандыгы жана социалдык коргоого муктаж жарандар үчүн дарыканаларда жеңилдиктер каралбагандыгы тууралуу окурмандардын үнүн алып чыкканбыз. Ушул маселенин учугун улай, бир милдети бейтаптардын укугун коргоо болгон ФОМСка жана дарыканаларга көзөмөл кылышы керек болгон тараптарга кайрылдык.

Суроолорго милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Жалал-Абад территориялык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Фарида ШАРИПОВА жооп берди.

КИМДЕР АКЫСЫЗ ДАРЫ АЛУУГА УКУКТУУ?

Кыргызстанда 5 түрлүү ооруга дарылар акысыз берилет. Ал бейтаптарга врачтар дары-дармектерди сары түстөгү кагазга жазышат. Сары рецепт деп аталган кагаз, онкологиялык оорунун 4-стадиясына, эпилепсия, бронхиальная астма,  шизофрения, аффективная расстройства, (таасирлүү бузуулар) ооруларына берилет. Мындай кагаздан үчөө жазылат, бириси дарыканада калат, экинчиси дарыгерде, үчүнчүсү ФОМСка келет. Мисалы, быйылкы жылы эле мындай акысыз дары дармектен 3 миң 390 рецепт жазылып берилген. Ал эми былтыркы жылы 3 миң 275 рецепт жазылган.

АРЗАНДАТЫЛГАН ДАРЫЛАРДЫ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

Андан сырткары 58 дары тизмегине кирген дептерче бар. Атайын эң керектүү болгон дарылар тандалып тизмеге киргизилген. Кайсыл дарылар экендиги жазылган дептерче бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы дарыгерлерде, аптекаларда бар. Бул дарыларга жеңилдиктер каралган, башкача айтканда пайыздык арзандатуулар менен алышат. Кимдер алышат десеңиз, камсыздандыруу полиси бар адамдар. Алар социалдык фондго төгүмдөрүн төлөгөндөр, анын белгилүү пайызы камсыздандыруу полисине которулат. Мисалы үчүн бардык мамлекеттик кызматкерлерде бар. Ушундай камсыздандыруусу бар адамдар дарыгерге көрүнгөндө көк рецепт сураса болот. Башкача айтканда врач дары-дармектердин тизмесин көк кагазга жазып берет. Аны менен дарыканага барганда белгилүү пайыз арзандатылат. Мисалы, 700 сомдук дары-дармек алышы керектиги жазылган болсо, бейтап болгону 400 сом гана төлөп калышы мүмкүн, ал эми калганы ФОМСтан которулган акча аркылуу төлөнөт. Өтө керектүү болчу 58 дары тандалган, алардын ар биринин өзүнүн 40%дан 80 %га чейинки арзандатуу коюлган. Быйыл 2019-жылы эле Жалал-Абад областы боюнча 43 миң 434 киши ушундай арзандатуу менен дары сатып алган.

КЫМБАТ ЖАНА ЖЕҢИЛДИГИ ЖОК ДАРЫКАНАЛАРДАН КАБАРДАР БОЛУҢУЗ!

Жогоруда айтылгандай акысыз же арзандатылган дарылар Жалал-Абад областы боюнча болгону 136 дарыканада бар. Анткени алар ФОМС менен келишим түзгөндөр, келишим түзүп иштешкиси келбеген дарыканаларда мындай жеңилдиктер жок. Дарыканалар жеке менчик болгондуктан ФОМС менен келишим түзөбү, жокпу өздөрү билишет. Областта 36 дары менен иштөөчү компания менен келишим түзүлгөн, алардын жалпы 136 дарыканасы бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун ооруканасында жайгашкан дарыканаларда жеңилдиктер каралган.

Ар бир жаран өзү изилдеп көрсө болот. Биз редакциянын кызматкерлери жүрөк оорулуу адам өмүр бою ичүүсү керек болгон 5 дарынын баасын, ар кайсы дарыканалардан сурап салыштырып көрдүк. Биринчи барган дарыкананын баасы кымбат болгону менен жүрөк оорунун дарыларына жана пенсионерлерге 5 пайыздык арзандатуу бар болуп чыкты. Ал эми экинчи дарыканада дарылардын баасы дээрлик 100 сомдон 200 сомго чейин арзан болгону менен эч кандай жеңилдиктер жок. Үчүнчү дарыканада дагы дарылардын баалары айырмалуу чыкты. Мындан улам, жарандар өздөрүнө жолу ыңгайлуу болгон  бир нече дарыканаларга кирип, дарынын бааларын салыштырып алса жакшы болот. Ал эми жеңилдиктер боюнча бейтаптар врачтарга кайрылышы керек, анткени рецепт боюнча дарыгерлер жазып берет. “Кандай жеңилдик алсам болот, мен алган дарылар 58 дарынын катарында барбы? “– деп суроо салуу абзел.

ДАРЫКАНАДАН ЖЕҢИЛДИК АЛА АЛБАСАҢЫЗ КИМГЕ КАЙРЫЛАСЫЗ?

Эгерде сиз камсыздандыруу полиси бар туруп жеңилдик ала албасаңыз же мурда жеңилдиктер менен алып жүрүп, бул ирет сизге жеңилдиктер каралбай турганын айтышса, анда милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Жалал-Абад территориялык башкармалыгына (ФОМС) кайрылышыңыз керек. Анткени ФОМС бейтаптардын укугун коргоо жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу багытында иш алып барат.

Ооруканадабы же дарыканадабы бейтаптар укугу бузулган кезде 113 линиясына байланышка чыгып арызданса болот. Аталган кызмат бейтаптардын укугун коргоо үчүн атайын түзүлгөн.

Турдубек БАТЫРОВ, “Адилет-Фарм” дарыканалар ассоциациясынын жетекчиси:

“ӨКМӨТТҮН ДАРЫКАНАЛАР МЕНЕН ИШИ ЖОК”

-Дарылардын баасына антимонополия кызматы, ал эми дарыканалардын ишмердүүлүгүнө дары-дармектер менен камсыздоо департаменти көзөмөл кылат. Дары-дармек кымбат болуп жатат деп менимче пенсионерлер кайрылса керек. Анткени бизде пенсия аз, тилекке каршы эң көп оорулуулар же дарыга муктаж болчу катмарлар пенсионерлер болот. Негизги себеп Кыргызстанда дары жасалбайт, 95% чет өлкөдөн алынып келет. Анан албетте бул жөнөкөй товар эмес, адам өмүрүнүн сактоочу дары болгондон кийин текшерүүлөр көп, тактап айтканда оңойлук менен алып келип сатуу кыйын. Ушуга ылайык Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу дары-дармектер кымбат болушу ыктымал. Ошол үчүн да дарыкана куруп, элди дары менен камсыз кылып жаткан жеке ишкерлерди мамлекет колдоого алыш керек. Жеке менчик дарыканалардын көпчүлүгү аренда төлөп иштейт, кредиттери бар. Бир топ кыйынчылыктар менен чет мамлекеттен дары-дармектер келет. Анан мамлекет жеке менчик дарыканаларды колдоп, аларга жеңилдик жаратса, алар да кардарларга, тургундарга жеңилдик жаратмак. Бештей белгилүү мамлекеттик дарыканалар аз, жеке менчиктер болбосо, эл дары менен толук камсыз боло албайт эле.

Ал эми бейтаптарга жеңилдиктер боюнча ар бир бейтап өзү кызыкдар болушу керек. Дарыгердин кагазысыз дарыканада арзандатуу же акысыз кылуу болбойт. Дарыгерден, дарыканадан талап кылып сураш керек жана өзүнө болгон милдеттенмелерди да толук аткарыш керек.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17