Аймак

ЛЕЙЛЕКТЕГИ КАТТА-ТУЗ МУНАЙ КЕНИН ДАГЫЛЕ ТАЖИКСТАН ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАТ

ЛЕЙЛЕКТЕГИ КАТТА-ТУЗ МУНАЙ КЕНИН ДАГЫЛЕ ТАЖИКСТАН ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАТ

 1,463 Бардыгы /

  БАТКЕН. Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени кайрадан Тажикстандын пайдалануусунда калды. Бул жөнүндө Кыргыз Акыйкатчысы Токон Мамытов билдирди.

                   – 2013-жылы Кыргызстандын аймагындагы Катта-Туз кени жайгашкан жерде иштеген Тажик жарандары чыгарылган эле. Мындан эки жыл мурун аталган тилкеге Тажик жарандары кайрадан киришип, мунай кенин иштете баштаган, – деп кошумчалады Кыргыз Акыйкатчысы Токон Мамытов.

                   Айтмакчы, Токон Мамытов вице-премьер-министр кезинде аталган кен Кыргызстанга караштуу деген негиз менен Кыргыз Өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн. Бирок, 2015-жылга чейин аталган мунай кенинин макамы так аныкталбагандыктан ал Кыргызстандын балансына биротоло өткөрүлбөй калган. Ошондуктан аны Тажикстан кайрадан колдоно баштаган.

                   Айтмакчы, Катта-Туз мунай кени жайгашкан аймак Кыргызстанга караштуу, бирок кыйла жылдан бери аны Тажикстан гана өз кызыкчылыгына олдонуп келатат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17