Аймак

ИРАН АКШнын МУНАЙ ИМПОРТУ БОЮНЧА ЧЕЧИМИНЕ ЖООП БЕРҮҮГӨ ДАЯР

ИРАН АКШнын МУНАЙ ИМПОРТУ БОЮНЧА ЧЕЧИМИНЕ ЖООП БЕРҮҮГӨ ДАЯР

 1,030 Бардыгы /

Кошмо Штаттар 1-майдан тарта беш мамлекетке анын ичинде Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтоторун жарыялаган.

Reuters агенттиги Иран Мунай министрлигиндеги өз булагына таянуу менен Тегеран Вашингтондун бул чечимине жооп кайтарарын билдирди.

Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Греция, Жапония жана Тайван алты айга Ирандан АКШнын санкцияларына кабылбастан убактылуу мунай импорттоого мүмкүнчүлүк алышкан.

Ирандын Революциялык гвардиясы АКШнын бул аракетине каршы Тегеран Ормуз кысыгын жаап салууга даяр экенин эскертүүдө.

Акүй жарыялаган маалыматка караганда, Кытай, Индия, Жапония, Түштүк Корея менен Түркиямындан ары Тегерандан мунай сатып алууну улантса, аларга Вашингтон санкция киргизиши мүмкүн. Бул кабарды АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 22-апрелде ырастаган.

Помпео бул чечимди кабыл алардын алдында Вашингтон Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана башка мунайды ири көлөмдө өндүргөн мамлекеттер менен дүйнөдөгү мунайга болгон таңкыстыкты алдын алуу максатында кеңири жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17