Аймак

БАЗАР-КОРГОНДО 5 ЖАШТАГЫ БАЛА ЖОГОЛДУ

БАЗАР-КОРГОНДО 5 ЖАШТАГЫ БАЛА ЖОГОЛДУ

 1,455 Бардыгы /

Жоголгон бала каналга жакын жерде жашагандыктан, болжолдор менен Жаны-Акман каналынын 2 чакырымын аралыгында издөө иштери жүргүзүлүп жыйынтык чыкпагандыктан, 20-апрель күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын суучул куткаруучуларын издөө иштерине тартылган. Жүздөгөн адамдар 3 күндөн бери издеп жатышат, бирок дагы деле дайыны чыга элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-апрель күнү саат 17:00дөр чамасында Акман айыл өкмөтүнүн Жаны-Акман айылынын 2014жылы туулган тургуну И.Э. дайынсыз болуп, туугандары жана жергиликтүү тургундар өз алдынча издеп таба алышпагандыктан, 20-апрель түнү саат 02.00 чамалары ӨКМге жардам сурап кайрылышкан. Ошол эле саатта райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн 26 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 40 киши издөө иштерине тартылган.

Ал эми областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалымат 19-апрель күнү милицияга катталган. 2014-ж.т. И.Э. эшикте ойноп жүрүп кайра келген эмес. Тээп жүргөн велосипеди табылган. Учурда Милиция ар тараптуу жагдайларды да текшерүүдө. Азырынча жыйынтык боло элек. Издөө иштери улантылып жатат, 24 ИИМ кызматкери, жалпы 130 адам тартылган.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17