Аймак

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР КЕНЕН-ЧОНОН ТАЛКУУЛАНДЫ

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР КЕНЕН-ЧОНОН ТАЛКУУЛАНДЫ

 1,119 Бардыгы /

ФЕРГАНА. Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттерине байланыштуу маселелер Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун атайын жолугушуусунда кең-кесири талкууланды. Бул кездешүүдө Өзбекстандын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Элер Ганиев жетектеди.

Адегенде тараптар Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттеринин ишине байланыштуу маселелерди ачык-айкын талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз жана Өзбек Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттери жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгын дагы макулдашышты.

Мындан тышкары тараптар Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди аныктоону жана сыпаттоону аяктоо максатында Кыргызстан, Өбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө дагы бир пикирге келишти.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17