Аймак

ОШ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНУН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ЖУМУШУНАН ЧЕТТЕТИЛДИ

ОШ ЭЛ АРАЛЫК АЭРОПОРТУНУН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ ЖУМУШУНАН ЧЕТТЕТИЛДИ

 1,473 Бардыгы /

ОШ. Ош эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматынын жетекчилигине жаңы эле дайындалган Абдибаит Матиев  жумушунан четтетилди. Бул тууралуу кабарчыбызга аталган аэропорттон билдиришти.

Ошентип, Ош Эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп убактылуу Муслим Асанбеков дайындалды.

Баса, Абдибаит Матиев   адегенде эле кол алдында иштеген кызматкерлерге орой мамиле жасап, а түгүл айрымдарына кол дагы көтөргөнгө үлгүргөн. Ошондуктан, Ош Эл аралык аэропортунун бир катар кызматкерлери буга нааразычылыгын билдирип, акция дагы уюштурушкан.

        

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17