Аймак

БИШКЕК ШААРЫНДА УЛУТТУК ГВАРДИЯНЫН ЖООКЕРЛЕРИ АНТ БЕРИШТИ

БИШКЕК ШААРЫНДА УЛУТТУК ГВАРДИЯНЫН ЖООКЕРЛЕРИ АНТ БЕРИШТИ

 1,515 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардияга “Жаз-2019” чакыруусу менен келген аскерлерди, Бишкек шаардык кеңештин атынан депутат Адиса Имангазиева куттуктады.
Адиса Имангазиева, ант берүү – ар бир эркектин жашоосундагы эң маанилүү окуялардын бири жана бул шаар тургундарынын астында жана офицердик бөлүктүн астында жөн гана айтылган сөздөр эмес, бул ант – өмүрдө бир жолу жана түбөлүккө берилет, деп белгиледи.

Иш-чарага жоокерлердин ата-энелери, туугандары катышып, ант берүү аземи Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиянын аскер оркестринин тарабынан даярдалган майрамдык концерти менен аяктады.

Мээрим КЕРИМКАНОВА, Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17