Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА  “ОШ-ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН МАДАНИЙ БОРБОРУ” ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА  “ОШ-ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН МАДАНИЙ БОРБОРУ” ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

 2,289 Бардыгы /

22-апрель Жалал-Абад шаарында  “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык жолугушуусу болуп өттү.

Ага эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары жана жаштар келишти.

Биз 3 күндөн бери Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда чоң иш чараларды өткөрүп келе жатабыз. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун түптөлгөнүнө 26 жыл болду. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан биздин иш чараларда активдүү катышып келе жатат жа уюмдун куруучуларынын бири болуп эсептелет”-дейт Фурат Бурдаш, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысынын орун басары

ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен быйыл Ош шаары жалпы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталганы чоң сыймык.  Себеби  Оштун байыркылыгына, Сулайман Тоосу бар экендигине негизделип өткөн жылы расмий түрдө маданий борбору деген чечимин чыгарган.  Эл аралык денгээлдеги иш чарада түрк маданияттын алып жүргөн бордоошторубуз Ош шаарында 22 өлкөнүн өкүлдөрү бирикти”,- дейт Мамасалы Акматов, Өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары.

Жалал-Абад шаардык мэриясына эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлү белек тапшырып, шаар мэриясынын белегине ээ болушту.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, түрк тилдүү элдердин улуттук бийлери жана ырлары тартууланды.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17