Аймак

ОКУУЧУНУ ТАЖИКСТАНГА АЛЫП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ОКУУЧУНУ ТАЖИКСТАНГА АЛЫП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 1,366 Бардыгы /

Баткендин Ак-Сай айылында жашаган, тогуз жаштагы окуучуну Тажикстанга алып кеткен Ворух анклавынын тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Аны Тажикстандын милициясы кармаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Аскарбек Аширалиев билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча эки тараптуу биргелешкен тергөө тобу ишти алып барат. Азыр аймакта абал туруктуу. Эки тараптын милиция кызматкерлеринин биргелешкен патрулдук тобу аймакта абалды көзөмөлдөп турат.

21-апрелде Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган, 2-класстын окуучусун алып кетип, жарым саат аралыгында баланы кайра милиция кызматкерлери алып келгенин жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Буга байланыштуу эл чогулуп, Ак-Сайдан Тажикстандын Ворух анклавына өткөн Исфара-Ворух жолу жабылган. Окуучу учурда облустук ооруканада. Анын абалы жакшы экенин, бир аз коркуп калганын ооруканадан “Азаттыкка” билдиришти.

Баткенде чек ара такталбагандыктан утур-утур жаңжалдар чыгып турат. Акыркы жолу, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тартып, Тажикстандын эки жараны каза болгону кабарланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17