Аймак

ӨЗБЕКСТАН КЕЗЕКТЕГИ ОППОЗИЦИЯЛЫК АКТИВИСТТИ ӨЛКӨГӨ КИРГИЗГЕН ЖОК

ӨЗБЕКСТАН КЕЗЕКТЕГИ ОППОЗИЦИЯЛЫК АКТИВИСТТИ ӨЛКӨГӨ КИРГИЗГЕН ЖОК

 1,345 Бардыгы /

20-апрелде өзбек парламентинин мурдагы депутаты, оппозициялык «Эрк» партиясынын активисти Насрулло Сайид Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортто кармалып, эртеси өлкөдөн чыгарылды. Ал Стамбул аркылуу Канаданын Эдмонтон шаарынан учуп келген.

Насрулло Сайид Канаданын жараны, акыркы 13 жылдан бери ошол өлкөдө жашап келет. Өзбекстанда 1-февралдан тарта 45 өлкөнүн, анын ичинде Канаданын жарандары үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизилген.

61 жаштагы Насрулло Сайиддин айтымында, аэропорт кызматкерлери аны атайын бөлмөдө 12 саат кармап, андан соң Ташкент-Стамбул багыты менен учкан учакка салып жиберишкен. Алар активисттин Өзбекстанга киришине тыюу салуу чечими «Жарандык авиация тууралуу эл аралык конвенциянын» жобосунун негизинде кабыл алынганын билдиришкен. Аталган жобого ылайык, эгер адам өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратса, анда ал өлкө аны өлкө аймагына киргизбей коюуга укуктуу.

Насрулло Сайид – өзбек парламентинин мурдагы депутаты. 1990-жылдардын башында оппозициялык «Эрк» партиясынын Бухара облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болгон. Ал 2017-жылы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылып, анын Өзбекстанга кайтып келишине уруксат берүүсүн суранган. Сайид анда анын өзбек жарандыгы негизсиз алынганын билдирген. Анын айтымында, ал 2005-жылы Жажахон Хасандын тыюу салынган ырларын таркатууга айыпталгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Насрулло Сайид канада жарандыгын 2019-жылдын башында алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17