Аймак

КЕПИЛДИКТИН 40 ПАЙЫЗЫ АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЧАПЧЫЙТ

КЕПИЛДИКТИН 40 ПАЙЫЗЫ АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЧАПЧЫЙТ

 2,201 Бардыгы /

Чакан жана орто ишкердик менен алектенгендерге кепилдик берүү иштери тууралуу 23-апрелде “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кепилдик Фонд” ААК төрагасы Малик-Айдар Абакиров журналисттерге айтып берди.

Реалдуу сектордун тармактары боюнча алып караганда, кепилдиктин 40% айыл чарба тармагын жылдырып жаткандарга, 2% айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө, 13% өнөр жайга, калгандары туризм, транспорт, курулуш, соода жана тейлөө кызматтарына берилген.

Айыл чарбасына карата мындай артыкчылыкты Абакиров мырза Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жарлыгын жүзөгө ашырууга салым кошуу аракети менен байланыштырды.

Аталган Фонд тарабынан 2019-жылдын 3 айынын ичинде эле 90 кепилдик берилип, анын жалпы суммасы 135 миллион сомду түзгөн.

Биринчи чейректе берилген кепилдиктердин аймактар боюнча санын алып карасак: Чүй областы – 19 кепилдик, Бишкек – 23, Нарын обл. – 15, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 7, Ош облусу – 3, Талас облусу – 1, Ош шаарында – 1 кепилдик берилген.

Зирек Асанова, Бишкек шаары.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17