Аймак

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН СОТУ 3-МАЙГА ЖЫЛДЫ

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН СОТУ 3-МАЙГА ЖЫЛДЫ

 993 Бардыгы /

Жогорку соттун коллегиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону 3-майга жылдырды.

Буга ишке катышып жаткан прокурордун материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга уруксат сураганы себеп болду. Судьялар кеңешүүдөн кийин прокурордун бул өтүнүчүн канаттандырып, соттук жараянды 3-май, саат 10:00гө калтырды.

Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде бул ишти кайра кароо өтүнүчү менен 15-февралда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко кайрылган. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болуп, отурум 23-апрелге белгиленген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17