Аймак

«ТУУРА ТАМАКТАНУУ» ТЕМАСЫНДА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

«ТУУРА ТАМАКТАНУУ» ТЕМАСЫНДА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,892 Бардыгы /

Аксы  районуна караштуу Семет айылында жайгашкан Ш.Тойматов атындагы орто мектебинде «Туура тамактануу» темасында иш-чара болуп өттү.

«Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы»  (ЖА АКК) тарабынан эмне үчүн «Туура тамактанууга» басым жасаганыбыз, ал үчүн ишкана кандай долбоорлорду аткарып жаткандыгын, туура эмес тамактануу аз кандуулукка алып келээрин, эгер өзүбүз чакан жашылча бакчабызда жашылча-жемиштерди өстүрсөк ден соолукка жана чөнтөккө пайда болоору жөнүндө айтып беришти.

Аксы райондук Санэпидемстанциянын  врачы Бусара Чилетова, атайын келип катышып, туура тамактануунун маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай иш-чараларды башка мектептерде да өткөрүүнү сунуштады.

Мектепке туура тамактануу менен биргеликте ден соолукту чыңдоо максатында китептер белекке берилди.

Ага улай эде «Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы» (ЖА АКК) коомдук фондунан барган адистер «Туура тамактануу» боюнча акция өткөрдү. Мугалимдер окуучулар арасында өткөрүлгөн сынактын ичинен эң мыкты деп тартылган 36 сүрөттү жарым финалга тартуулашты. Акция учурунда 3 калыстар тобу шайланып, анын ичинен 30 окуучунун сүрөтүн мыкты деп тандап алышты.

Бул иш-чара мектеп менен биргеликте атайын пландалган «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата өткөрүлгөн райондук деңгээлдеги семинар менен айкалыштырылып өткөрүлдү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17