Аймак

ТАШКЕНТТЕ ЖЫЛГЫЗ БОЙ ЭНЕНИ САБАГАН АЯЛДАРДЫН АРАКЕТИНЕН КЫЛМЫШТЫН БЕЛГИЛЕРИ ТАБЫЛГАН ЖОК

ТАШКЕНТТЕ ЖЫЛГЫЗ БОЙ ЭНЕНИ САБАГАН АЯЛДАРДЫН АРАКЕТИНЕН КЫЛМЫШТЫН БЕЛГИЛЕРИ ТАБЫЛГАН ЖОК

 1,550 Бардыгы /

Ташкенттин Юнусабад райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) былтыр борбор калаанын тургуну Шахзода Хусанованын үйүнө кирип барып, аны сабап, чачын кыска кылып кырып кеткен аялдардын аракетинен кылмыштын белгилерин тапкан жок.

Бул тууралуу Ташкент шаардык прокуратурасынын Шахзода Хусанованын даттануусуна жооп катары жиберген катында жазылган. Мурдараак жалгыз бой эне көзөмөл органына кайрылып, РИИБ кызматкерлери кол салган аялдарды коргоп жатат деп даттанган.

28 жаштагы эки баланын апасы Шахзода Хусанова былтыр октябрда үч аял үйүнө кирип келип, сабап жана чачын кыска кылып кырып кеткенин билдирген. Жалгыз бой эненин айтымында, ал Telegram аркылуу бир эркек менен таанышкан. Анын аялы күйөөсүнүн каттарын окуп, эки аял менен Хусанованын үйүнө барган. Үч аял Хусанованы сабап, чачын кыска кылып кырып, үйүндөгү алтын зер буюмдарын алып кетишкен.

Ташкенттин Юнусабад РИИБси түзгөн актынын көчүрмөсүндө Шахзода Хусанованын үйүнө кирип барган аялдар аны сабап, чачын кыска кылып кырып салышкандыгы, андан соң үй ээси эсин жоготуп жатып калганда анын зер буюмдарын алып кетишкени жазылган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Шахзода Хусанова «жеңил жараат алганы» көрсөтүлгөн. Документте экспертизанын жүрүшүндө аялдын чачы устара менен алынганы, билектери, далысы көгөрүп, денесинде тиштердин тактары бар экени жазылган.

Былтыр декабрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Шахзода Хусанованын иши каралып, Юнусабад милиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн билдирген.

Ташкент шаардык прокуратурасынын Хусановага быйыл 2-апрелде жиберген катында өткөн жылы декабрда ага кол салган аялдарга карата «Топ адам тарабынан жасалган бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгону жазылган. 23-апрелде болсо Юнусабад РИИБси ал иш токтотулганын билдирген. Анда алар бул чечимди «аялдардын аракети коом үчүн кооптуу деген мүнөзүн жоготкондугу менен» түшүндүрүп, иш административдик деп өзгөртүлгөнүн кабарлаган.

Бирок Шахзода Хусанова тергөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоо органдары аялдар анын үйүнө кирип барып, кемсинтишкенин эске албаганын айтууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17