Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,762 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын аймагында диний экстремизм, терроризм жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндѳ, Кыргызстанда диндин радикалдашуу тенденциясы, тактап айтканда ислам динине жамынган радикалдуу агымдарынын пайда болуусу байкалууда. Бул тенденция белгилүү бир мерчемде чет өлкөлөрдөн трансформацияланган диний экстремисттик уюмдардын таасири менен өнүгүүдө.

Жаштардын жана аялдардын диний радикалдашуусу күчөп бараткандыгы, дин тутунган аялдардын, өзгөчө жеке үйлөрдө окуган, ар түрдүү топторго биригип алып диний таалим алып жаткан кыз-келиндердин бар экендиги айгинеленүүдө.

Жогорудагыларды эске алуу менен, аялдар жана кыздар жергиликтүү «хужраларда» диний билим алуу процессинде билип-билбестен «Хизбут-Тахрир» партиясынын халкаларына, салафиттик же такфирчилик топтордук катарына кошулуп калуусун токтотуу, экстремизм жана радикализм пикирлеринин жайылуусун, ошондой эле диний же расалык айырмачылыктарына карабастан жарандардын бирдей укуктарын камсыз кылуу, дискриминациянын алдын алуу, бардык коомдук топтордун ортосунда ынтымакты орнотуу максатында, Жалал-Абад ОИИБнин жана КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ѳкүлчүлүгү, КРнын МУККнын Жалал-Абад областындагы башкармалыгы жана КР ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы казыяты менен бирдиктүү иш-мерчеминин негизинде, ушул жылдын апрель айы ичинде Жалал-Абад ОИИБнин ЭММКАКнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Таш-Кѳмүр, Токтогул, Аксы жана Ала-Бука районунун ЖӨБ органдары, ИИОнын региондук түзүмдөрү, билим берүү бөлүмдөрү, имам хатибтерге жана жергиликтүү коомчулуктун башка өкүлдөрүнүн катышуусунда алдын ала түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча, Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен Кыргызстандык жарандардын 20 пайызын кыз-келиндер түзөт. Көпчүлүгү Сирияга мурда кеткен туугандарынын же күйөөлөрүнүн чакыруусунан баш тарта алышпай, ошол жакка сапар тартышкан. Айрымдары романтикага, акча табууга же жалган диний баалуулуктарга кызыгып, азгырылуулардын курмандыгы болушууда. Кээ бир аял-кыздар интернет аркылуу бейтааныш адамдар менен таанышышып, сүйүүгө чалдыгышып, өздөрү жакындан тааныбаган адамдардын алдап чакыруусу менен жолго чыгышкан.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17