Аймак

КАМСЫЗДАНДЫРУУГА КИМДЕР КАЙДЫГЕР?

КАМСЫЗДАНДЫРУУГА КИМДЕР КАЙДЫГЕР?

 1,434 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Жалал-Абад шаарлары жана Базар-Коргон, Тогуз-Торо райондору турак-жайларды камсыздандыруудан артта калышты. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Жалал-Абад филиалынын директору Закиржан Анарбаев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында камсыздандыруу иштери боюнча айрым район-шаарлардын жергиликтүү башкаруу органдары алгылыктуу иш аткарышпаган. Биринчи чейректен эле болгон мындай көрүнүш начар жыл жыйынтыгынан кабар берерин айтат Закиржан Анарбаев.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында Чынгыз Айтматов менен Тайгараев аймактык башкарууларында аз. Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагында, ошондой эле Тогуз-Торонун Көк-Ирим, Атай айыл өкмөттөрүндө камсыздандыруу иштери солгун.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында 191 миң турак жай катталган.Быйылкы жылдын 3 айында эле 14 миң турак-жай камсыздандырылган.

Кошумчалай кетсек, камсыздандыруу төлөмү айыл жерлеринде жылына 612 сомду түзөт. Эгерде тилсиз жоо болсо уюм тарабынан чыгымга карай 500 миң сомго чейин берилет. Шаар жерлерде жылына 1224 сом болсо, турак-жай кырсыгына кайтарымсыз төлөм 1 миллион сомдон ашуун.

 

Роза Акматжаны кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17