Аймак

САУД АРАБИЯСЫНДА БИР КҮНДӨ 37 КИШИ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛДЫ

САУД АРАБИЯСЫНДА БИР КҮНДӨ 37 КИШИ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛДЫ

 711 Бардыгы /

Сауд Арабиясында 23-апрель күнү терроризмге айыпталган 37 киши өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу CNN аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме жасоо менен билдирди. Өлгөндөрдүн көбү – диний азчылык болгон шииттердин өкүлдөрү.

Бийлик тараткан расмий билдирүүдө өлүм жазасына тартылгандар “экстремисттик жана террористтик идеологияларды” жайылтууга жана диний жаңжал жаратуу үчүн “террордук уячаларды” түзүүгө күнөөлөнүшкөн.

Өлүм жазасына тартылгандарын ичинен кеминде эле 33ү – шиит. Алардын ичинен 11и 2013-жылы Ирандын пайдасына тыңчылык кылууга айыпталып камалган. Бул тууралуу Human Rights Watch уюму билдирүүдө. Калгандары 2012-жылы сауд бийлигине каршы уюштурулган башаламандык акцияларына катышканы айтылууда.

Муну менен быйыл Сауд Арабиясында өлүм жазасына тартылгандардын саны 146га жетти.

Сауд Арабиясында акыркы жолу жапырт түрдө өлүм жазасына тартуу жараяны 2016-жылы катталган. Анда бийлик бир күндө 47 кишинин өмүрүн кыйган, алардын арасында белгилүү шиит шейхи Нимр аль-Нимра да болгон. Бул калкынын басымдуу бөлүгү исламдын шиит агымын карманган Иранда жапырт нааразылык жараткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17