Аймак

ЭКСТРЕМИЗМГЕ АЙЫПТАЛГАН ТАШКЕНТТИК БЛОГЕРЛЕР КАМАККА АЛЫНДЫ

ЭКСТРЕМИЗМГЕ АЙЫПТАЛГАН ТАШКЕНТТИК БЛОГЕРЛЕР КАМАККА АЛЫНДЫ

 1,084 Бардыгы /

Ай башында Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын имаратында бейбаштыкка айыпталган эки блогер Мамлекеттик коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалды.

Алар экстремизмге күнөөлөнүүдө. Блогерлер буга чейин административдик жоопкерчиликке тартылган.

Маалыматтарга караганда, мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери блогерлердин мобилдик телефондорунан өлкөдө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын табышкан.

Блогерлерге карата “коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жараткан материалдарды алып жүрүү же таратуу, сактоо жана даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Алардын күнөөсү далилденсе, сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

“Азаттыктын” өзбек кызматы эки блогердин кармалышы тууралуу апрелдин ортосунда кабарлаган. Алар хиджап кийүүгө тыюу салуу жана адал продукцияларды сертификациялоо маселелери боюнча өз пикирлерин билдирүү үчүн Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгына барышкан. Бирок 43 жаштагы Рустам Карим менен 47 жаштагы Тулкин Астанов башкармалыктын имаратында бейбаштык кылууга айыпталган.

Рустам Карим менен Тулкин Астанов социалдык түйүндөрдө Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгын тез-тез сындап, атүгүл муфтияттын кызматкерлеринин карикатураларын жарыялап турушкан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17