Аймак

КӨЧӨДӨ СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫН САБАГАН ЖИГИТ 8 АЙГА СОТТОЛДУ

КӨЧӨДӨ СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫН САБАГАН ЖИГИТ 8 АЙГА СОТТОЛДУ

 1,270 Бардыгы /

Душанбе шаарында Исмоили Сомони райондук соту борбор калаанын чок ортосунда сүйгөн кызын сабаган Хуршед Азизовго карата өкүм чыгарды. Жигит сегиз айга эркинен ажыратылды.

Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Хуршед Азизов акыркы соттук отурумда күнөөсүн мойнуна алып, сүйгөнү Малика Сохибназаровадан кечирим сураган. «Күнөөлүмүн, кечир мени. Мындай нерсе кайталанбайт», – деген ал.

Айыпталуучунун адвокаты Жунайдулло Фозилов соттун альтернативдүү өкүм чыгарып, айыппул салуу укугу болгонун, бирок бул мүмкүнчүлүктү колдонбогонун билдирди.

Душанбе шаарынын жашоочусу Малика Сохибназарова жигити тарабынан сабалганы тартылган видео социалдык түйүндөрдө 1-мартта тараган. Видеодон кызды түгөйү машиненин багажынан алып чыгып, сабап, автоунаанын ичине түртүп жатканын көрүүгө болот.

Видео социалдык түйүндөрдө тарагандан кийин укук коргоо органдары эки саат ичинде “кызыл камчы” жигитти табышкан. Тартип сакчылары бул окуяны “коомдук тартипти одоно бузуу” жана “коомчулукту сыйлабастык” катары сыпаттаган.

Малика Сохибназарова баарына өзү күнөөлүү экенин, сүйгөнүнүн камалышын каалабай турганын айткан. Ал соттун өкүмүн адилетсиз деп атап, жогорку инстанцияларга доо арыз менен кайрыларын билдирди.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17