Аймак

ДЕПУТАТТАР КЫРГЫЗСТАНДА УРАН КЕНИН КАЗУУГА МОРАТОРИЙ КИРГИЗҮҮНҮ СУНУШ КЫЛУУДА

ДЕПУТАТТАР КЫРГЫЗСТАНДА УРАН КЕНИН КАЗУУГА МОРАТОРИЙ КИРГИЗҮҮНҮ СУНУШ КЫЛУУДА

 1,393 Бардыгы /

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» демилгечилердин бири, депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

– Уран – бул өтө кымбат кен байлык. Бирок, андан чыккан радиация экологияга жана адамдын ден соолугуна эбегейсиз коркунуч алып келет. Ошондуктан 2070-жылга чейин мораторий киргизип койсок, эч ким муну буза албайт. Эл буга жол бербейт. Ал эми 2070-жылдан кийин жаңы доор келет. Анда эң акыркы технология менен жаңы урпак өзү казып алсын.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17