Аймак

НУР-СУЛТАНДА СИРИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН КЕЗЕКТЕГИ АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛУУДА

НУР-СУЛТАНДА СИРИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН КЕЗЕКТЕГИ АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛУУДА

 1,222 Бардыгы /

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил өлкөлөрдүн делегациялары жолугушуулардын 12чи айлампасына катышуу үчүн Нур-Султан шаарына келишти. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, 25-26-апрель күндөрү өтөт турган сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын делегациялары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жогорку комиссарынын качкындар иши боюнча башкармалыгынын жана Эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү дагы келди. Учурда БУУнун баш катчысынын атайын чабарманы Гейр Педерсендин келиши күтүлүүдө. Мындан тышкары бул жолку сүйлөшүүлөргө байкоочу катары Иорданиянын делегациясы дагы катыша турганы кабарланууда.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында бүгүн тараптардын эки жана үч тараптуу кеңешмелери өтөт. Эртең 26-апрелде пленардык жыйын өтүп, анын соңунда атайын жыйынтыктоочу билдирүү кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Былтыр ноябрда Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдүн 11чи айлампасында тараптар Сирия конституциялык комитетин түзүү боюнча макулдашууга келе алышкан эмес.

Астананын аталышы Нур-Султан деп өзгөртүлгөндөн кийин сүйлөшүүлөрдүн форматы мурдагы аталышын сактап калды. Казакстандын борборундагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр БУУнун ортомчулугу алдында Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн өзүнчө өтүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17