Аймак

БОРБОР АЗИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ПЕКИНДЕ БАШТАЛГАН «БИР АЛКАК — БИР ЖОЛ» ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

БОРБОР АЗИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ПЕКИНДЕ БАШТАЛГАН «БИР АЛКАК — БИР ЖОЛ» ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

 1,299 Бардыгы /

БОРБОР АЗИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ПЕКИНДЕ БАШТАЛГАН «БИР АЛКАК — БИР ЖОЛ» ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

Бүгүн Кытайдын борбору Пекин шаарында 37 мамлекеттин лидерлери жана өкмөт башчыларынын катышуусунда «Бир алкак — бир жол» форуму ишин баштады. Алардын арасында Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери дагы бар.

Иш-чаранын ачылышына Казакстандын мурдагы башчысы Нурсултан Назарбаев да катышты. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай «Твиттер» аркылуу билдирди. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ачылыш аземинде Назарбаев Кытай лидеринин сол тарабында отуруп, Си Цзиньпин менен Орусия президенти Владимир Путинден кийин сөз сүйлөдү.

Форумда Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгеси боюнча алты жылдын ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча жаңы чаралар каралат деп күтүлүүдө.

Триллион долларга бааланган «Бир алкак — бир жол» демилгеси Кытайды Европа, Африка жана Азиянын башка аймактары менен байланыштыра турган темир жолдорду, портторду жана энергетикалык инфраструктураларды түзүүгө арналган.

Кытайдын бул демилгеси жана аймактагы инфраструктуралык долбоорлорго насыя берүүсү АКШ менен Европа биримдигине мүчө бир катар өлкөлөр тарабынан сынга алынган. Алар Пекин айрым өнүгүп келаткан өлкөлөргө ал мамлекеттер төлөп бере албаган суммадагы карыздарды берип жаткандыгын билдиришкен.

«Бир алкак — бир жол» тууралуу жарыяланган 2013-жылдан бери Пекин бул долбоорлорго 90 миллиард доллар инвестиция салган. Кытай банктары тарабынан чет өлкөлүк өкмөттөргө берилген карыз акчанын жалпы суммасы 200 миллиард долларга жакындады.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17