Аймак

БАЛЫКЧЫДАГЫ МИТИНГЧИЛЕР БИШКЕККЕ КЕЛИШЕТ

БАЛЫКЧЫДАГЫ МИТИНГЧИЛЕР БИШКЕККЕ КЕЛИШЕТ

 1,397 Бардыгы /

Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынч митинг аяктап, катышуучулар жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы Асеин Маданбеков билдирди.

Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө Балыкчы шаарынын мэриясы уруксат берген эмес. Андыктан милиция кызматкерлери адегенде жөө жүрүшкө чыккандарды токтотууга аракет кылышкан, бирок кийин кайра тоскоол кылбастан, тартипти сактоого чакырып, жолду бошотуп беришкен.

Жөө жүрүштүн 500гө жакын катышуучулары Балыкчы шаарынын мэриясынан чыгып, шаардын автобекетин көздөй басышкан. Ал жактан алар таксиге олтуруп, Бишкекке келип, митингди баш калаадан уланта турганын ишарат кылышты.

Буга чейин 26-апрелде Бишкекте уран казууга каршы болгондор митингге чыгышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17