Аймак

ЖАЛИЛ АТАМБАЕВ «АЗАТТЫКТЫН» КАБАРЧЫСЫ ЫДЫРЫС ИСАКОВДУ СОТКО БЕРДИ

ЖАЛИЛ АТАМБАЕВ «АЗАТТЫКТЫН» КАБАРЧЫСЫ ЫДЫРЫС ИСАКОВДУ СОТКО БЕРДИ

 1,050 Бардыгы /

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган.

Иликтөөнү YouTube каналынан 377 миң адам көргөн.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17