Аймак

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАН “SILK VISA” ДОЛБООРУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУН ИШТЕП ЧЫГУУДА

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАН “SILK VISA” ДОЛБООРУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУН ИШТЕП ЧЫГУУДА

 820 Бардыгы /

Өзбекстан менен Казакстан быйыл Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу “Silk Visa” же “Жибек жолу визасын” ишке киргизүүнү пландаган.

Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касимходжаев тараптар “Жибек жолу визасын” ишке киргизүү үчүн жигердүү иштеп жатканын билдирди. “Убакыттын создугуп жатышынын негизги себеби – эки өлкөнүн визасыз режим боюнча жол-жоболору ар башка. Казакстанда визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн өзүнчө, бизде өзүнчө тизмеси бар. Башкы максат бул өлкөлөрдүн эки тарапка тең ынгайлуу тизмесин түзүү керек”, – деди ал.

Визанын бирдиктүү баасын аныктоо дагы негизги маселелердин бири болууда.

Ошол эле маалда Улугбек Касимходжаев эки өлкө жетекчилери бул боюнча саясий эрк көрсөткөнүн, мөөнөттөн бираз кечиксе дагы “Silk Visa” киргизилерин белгиледи.

Буга чейин “Silk Visa” долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет – Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганы кабарланган. Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17