Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА ФЕРМЕРЛЕРДИ ЖИБЕК КӨПӨЛӨКТӨРҮН БАГУУГА МАЖБУРЛАШУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА ФЕРМЕРЛЕРДИ ЖИБЕК КӨПӨЛӨКТӨРҮН БАГУУГА МАЖБУРЛАШУУДА

 1,772 Бардыгы /

Түркмөнстандын Лебап облусунда бийлик фермерлерди тыт жегич жибек көпөлөктөрдү көбөйтүүгө мажбурлоодо.

Фермерлер бул тармак кирешесиз болгондуктан жибек көпөлөктөрдү өстүрүүнү каалашпайт. Бирок жергиликтүү бийлик аларды күчкө салып жатканы айтылууда.

“Өткөн жылы ар бир кило пилла үчүн он килограммдан тоют берүүнү убада кылышкан. Бирок ижарачылардын көбү мал-жан үчүн жем-чөп алган жок. Бул жылы дагы тоют убада кылышууда, бирок эл ишенбей калды. Бирок бийлик ижара жерлерди алып коебуз деп коркутууда”, – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Тыт жегич жибек көпөлөктөрдү багуу өтө оор. Фермерлердин билдиришинче, чыгымдар акталбайт. Жибек көпөлөктөрүнүн бир килограмм пилласы 7 манат турат. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.

“Тыт жегич жибек көпөлөктөрдү багуу тозоктун жумушу. Бир айга бир нече бөлмөнү бошотуп, өзүң короодо жатышың керек. Мындан тышкары тыт дагы аз. Алар жетишпейт”, – деди фермерлердин бири.

Түркмөнстан өкмөтү быйыл 2030 тонна жибек пилласын өндүрүү планын жарыялаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17