Аймак

ӨЗГӨНДӨ ОКУУЧУЛАР УКУК БУЗУУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖӨНҮНДӨ АКЫЛ СЫНАШТЫ

ӨЗГӨНДӨ ОКУУЧУЛАР УКУК БУЗУУНУН АЛДЫН АЛУУ ЖӨНҮНДӨ АКЫЛ СЫНАШТЫ

 2,637 Бардыгы /

ОШ. Өзгөн шаарында жашы жете элек балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында кароо-сынак өткөрүлүп, жыйынтыгында өткөрүлүп, Т.Асыранов атындагы орто мектебинин окуучулары жеңишке жетишти.

Маалыматка караганда, Өзгөн районундагы окуучулардын арасындагы бул викториналык сынак жаш өспүрүмдөр арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, алардын арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Бул жарышка жалпысынан төрт мектептин окуучулары катышышып, ар кайсы өңүттөгү соболдорого жооп кайтарышты. Буга улай ар бир команда «Жаш өспүрүмдөр арасындагы укук тартибин бузуулардын негизги көйгөйү» деген теманы дагы сахналаштырып көрсөтүп, коомубуздагы жосунсуз жоруктарды өз дараметинче чагылдырышты.

Сынактын соңунда Т.Асыранов атындагы орто мектебинин «Фемида» командасы жеңишке жетип, кызыктыруучу сыйлык жана диплом менен сыйланды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17