Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨЗБЕКСТАНДЫН ИШКЕР АЙЫМДАРЫ “ЭНЕЛЕР-ТЫНЧТЫК ЭЛЧИСИ” МЕНЕН…

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨЗБЕКСТАНДЫН ИШКЕР АЙЫМДАРЫ “ЭНЕЛЕР-ТЫНЧТЫК ЭЛЧИСИ” МЕНЕН…

 3,587 Бардыгы /

Бүгүн, 29-апрелде “Энелер-тынчтык элчиси” аталышындагы эки улуттун биргелешкен көргөзмөсүнүн негизинде Андижан облусунун губернаторунун орун басары Мунзура Юнусова жетектеген делегация Жалал-Абадга келди.

52 адамдан турган делегациянын иш сапары эки күнгө созулуп, анда жергиликтүү жана Өзбекстандан келген ишкер аялдардын иштеп чыгарган продукциялары көргөзмөгө коюлат жана эки элдин маданият кызматкерлери тарабынан  концерт тартууланат.

“Акыркы жылдары коңшу Өзбекстан менен алакалар бир топ жакшырды. Анткени эки өлкөнүн тең башчылары мындан ары эки эл социалдык жана экономикалык жактан тыгыз байланышта болот деген маселени алдына коюшканы маалым. Ынтымакты бекемдеп, достук алакаларды күчөтүү максатында өткөрүлүп жаткан иш-чара эки өлкөнүн илгертен келе жаткан карым-катнашын жакшыртат деп ишенебиз. Анткени кыргыз-өзбек достугу кылымдан кылымга, муундан муунга, урпактан урпакка уланып келе жаткан улуу мамилени камтыйт. Кыз берип, келин алып, кыйынчылык күндө дем берип, жакшылыгына кубанып жашаган кошуна өлкөлөрдүн биримдиги түбөлүк болсун” –дейт өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17