Аймак

ТОКТОГУЛДУКТАРДЫН «ТАРТИП, ТЫНЧТЫК, ДОСТУК ЖАНА ЫНТЫМАК» АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ ЧАРАЛАРЫ

ТОКТОГУЛДУКТАРДЫН «ТАРТИП, ТЫНЧТЫК, ДОСТУК ЖАНА ЫНТЫМАК» АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ ЧАРАЛАРЫ

 2,314 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын ИИМи жана Жалал-Абад ОИИБы тарабынан коюлган тапшырмалардын алдыңкы багыттарынын бири болуп, жаш ѳспүрүмдѳр жана окуучулар арасында укук, тартип жана мыйзам бузууларды, кылмыштуулуктун алдын алуу болуп эсептелет. Бул багытта Токтогул районунун аймагында «Тартип, тынчтык, достук жана ынтымак» деген ураандын астында жаштарды сергек жашоого, мекенчилдикке үндѳгѳн саамалык ѳз нугу менен ѳтүүдѳ. Демилгенин башында Токтогул РИИБнин начальниги, милициянын полковниги З.Т.Ормонов ѳзү туруп, 3 этаптан турган иш-чаранын программасы түзүлүп, ишке ашырылууда.

1-этапта: Токтогул РИИБнин жаш ѳспүрүмдѳр жана окуучулар арасында болуп жаткан укук бузуулар, кылмыштуулук боюнча баяндамасы район активдерине тааныштыруу.

2-этапта: 7-11-класстын окуучуларына Токтогул РИИБи тарабынан даярдалган кылмыштуулуктун алдын алуу, наркозаттын колдонуунун зыяндуулугу боюнча атайын кыска метраждуу документалдуу тасмаларды кѳрсѳтүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

3-этапта: – мектептер аралык мамилени чыңдоо, окуучулар арасындагы мектеп рекетчилигин алдын алуу аксатында спорттун волейбол жана аркан тартыш түрлѳрү боюнча мелдештерди уюштуруу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Токтогул районунда 32 мектеп бири-биринен алыс жайгашкандыгына байланыштуу иш-чаранын 2-3-этабы 3 аймакка бѳлүштүрүлүп ѳткѳрүлүүдѳ.

  1. Терек-Суу аймагы – 7 орто мектеп;
  2. Өзгѳрүш аймагы – 13 орто мектеп;
  3. Борбордук аймак – 12 орто мектеп.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ, биз Басма сѳз кызматы 2-3-этапка туш болуп, Терек-Суу аймагы боюнча – 6 орто мектептин арасында ѳткѳрүлүп спорттук мелдешке күбѳ боло алдык. Мелдештин катышуучуларына, күйѳрмандарга жергиликтүү тургундар тарабынан ысык тамактар уюштурулуп, келген коноктор жана спортчулар тарабынан ыраазычылыктар айтылууда. Ал эми спорттогу жеңүүчүлѳргѳ атайын дипломдор, баалуу сыйлыктар каралып, андан сырткары мектеп мугалимдерине, коомдук коопсуздукту камсыздоодо ѳздѳрүнүн үзүрлүү салымдарын кошкон айыл тургундарына ардак грамоталар тапшырылды.

Ар бир иш-чаранын алкагында Токтогул РИИБнин начальниги, милициянын полковниги З.Т.Ормонов сѳз сүйлѳп жакындан жардам кѳрсѳткѳндѳргѳ ыраазычылык билдирип ѳттү.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17