Аймак

ДУШАНБЕНИ МААЛЫМАТ САЙТТАРЫНА БӨГӨТ КОЮУНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРЫШТЫ

ДУШАНБЕНИ МААЛЫМАТ САЙТТАРЫНА БӨГӨТ КОЮУНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРЫШТЫ

 1,405 Бардыгы /

“Чек арасыз кабарчылар” жана Тажикстандын Көз карандысыз ММКлар улуттук ассоциациясы Душанбени маалымат сайттарына бөгөт коюуну токтотууга чакырышты.

29-апрелде таратылган билдирүүдө Тажикстанда белгилүү болгон “Азия-Плюс” сайты беш айдан ачылбай жатканы, башка интернет-ресурстар дагы цензурадан жапа чеккени айтылат.

Бийлик кысым көрсөтүү фактысын четке кагып, сайттардын ачылбай жатышын “техникалык мүчүлүштүктөр” менен байланыштырып келет.

“Азия-Плюс” агенттинин башкы редактору Умед Бабаханов өткөн жылы дагы сайт бир нече жолу жабылганын билдирди. Ал агенттик буга чейин бийлик тапшырган бир нече материалды жарыялоодон баш тартканын, бул жолку бөгөт ушуну менен байланышта болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Йоханн Бир Интернеттеги цензура ушактардын жана такталбаган маалыматтардын жайылышына, орусиялык ММКлардын таасиринин көбөйүшүнө алып келерин айтты.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, ”Фергана” же ”Ахбор” сыяктуу ири ресурстар маал-маалы менен ачылбай калат. Бийлик негизги социалдык түйүндөрдү жана мессенжерлерди, Google жана YouTube видео-хостингин дагы тизгиндеп турат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17