Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА УНДУН БААСЫ КЫМБАТТАП, ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

ТҮРКМӨНСТАНДА УНДУН БААСЫ КЫМБАТТАП, ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

 1,050 Бардыгы /

Ашхабаддын мамлекеттик дүкөндөрүндө ар бир үй-бүлө бир кап унду эки айда бир гана жолу сатып ала алат. Бул тууралуу “Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.

Буга чейин бир айда бир кап ун сатып алууга мүмкүн болгон. Учурда Ашхабад дүкөндөрүндө бир кап ун 50 манатка сатылууда. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.

Мындан тышкары мамлекеттик дүкөндөр биринчи сорттогу ундун килограммын нормадан тышкаркы учурда 1,9 манаттан сатышууда.

Түркмөнстан базарларында жана жеке дүкөндөрүндө нан менен ундун баасы бир нече эсе кымбат.

Ашхабад тургундары жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун сапаты начар экенин айтышууда. Көптөгөн жашоочулар Казакстан же Орусиядан келген унга артыкчылык беришет.

Түркмөнстандын айрым аймактарында ун сатып алуу өтө кыйын. Ал маал-маалы менен дүкөн текчелеринде болбойт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17